Домой Коом Ырчы Курал Чокоев пневмониядан каза болгон досун жерге берип жаткан видео менен...

Ырчы Курал Чокоев пневмониядан каза болгон досун жерге берип жаткан видео менен бөлүштү

672

Ырчы Курал Чокоев социалдык тармактагы баракчасына маркумду жерге берип жаткан видео менен бөлүштү. Бул видео 4-июлда тартылганын айткан ырчы буларга токтолду. “Бул видео менен өлкөдө болуп жаткан чыныгы окуяларды, көрүнүштөрдү айткым келди. Анткени баары эле жакшы дегени менен абал башкача болуп жатпайбы. Видео өткөн аптанын ишемби күнү Бишкекте тартылган. Досторумдун бири пневмониядан каза болуп, жерге бердик. Эртеси күнү эле анын бир тууган агасы да ошол илдеттен каза болду. Досум өз убагында медициналык жайга кайрыла албай калган экен”, – дейт ал. Ырчынын айтымында, көрүстөндүн четиндеги жаңы көмүлгөндөрдүн баары коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жайы экен. Өлкөдө март айынан бери коронавирустан 112 адам каза болсо, пневмониядан 268 жаран көз жумган.