Домой Маданият Ырчы Дилшат Кангелдиева Коомдук каналдын «Көгүлтүр от» берүүсүнө нааразы. Буга экинчи тарап...

Ырчы Дилшат Кангелдиева Коомдук каналдын «Көгүлтүр от» берүүсүнө нааразы. Буга экинчи тарап эмне дейт?

581

Дилшат Кангелдиева Коомдук каналдын Жаңы жылдык «Көгүлтүр от» берүүсүнө катышпай калганына нааразы болуп, социалдык баракчасына жазып чыкты. «Мен КТРКнын көркөм жетекчиси Мирлан Самыйкожого жакпайт экенмин. 1988-жылдан бери эшек такалап жүргөн кишидей эле көрөт экен. Улуттук филармонияга киргенден баштап алгачкылардан болуп чыгыш, батыш, чет өлкөнүн баарына кыргыздын маданиятын тартуулап келе жатканымды айтпай эле коёюн. Анча-мынча салым кошуп эле келе жатам. Бирок «Көгүлтүр отко» батпай калганымды айткым келди. Быйыл жаңы жетекчи келип, батпай калыпмын. Күйөрмандарыма алдын ала эскертип коёюн, программадан көрбөй калдык деп жүрбөгүлө», —деп жазган ырчы.

Бул окуя боюнча ырчы айымга кайрылганыбызда, ал кошумча маалыматтарга токтолду. «Мен Коомдук каналдын директоруна жолуккам. Ал «бизде көркөм кеңеш бар, анын жетекчиси Мирлан Самыйкожо, чечет» деди. Бир караганда активдүү иштегени деле, унутта калганы деле ырдап жатпайбы. Тизме түзүлүп калды, программа чечилип калды дешти.

Мен Мирлан Самыйкожонун «чоң» болуп калганын деле билбепмин. Тизмени сурап коёюн десем, өңү-башы бозоруп, тизме такталып калды эле деп басып кетти. Мурун чогуу эле жүргөнбүз да, ошондой көрүп эл сүйлөй берипмин. Учурунда ал программага акча берип деле чыгып жүргөнбүз. Былтыр деле маселе жаралып жатып катышкан элем», — дейт Кангелдиева.

Ал эми Коомдук каналдын көркөм кеңешинин төрагасы, «Маалымат» студиясынын продюсери Мирлан Самыйкожо окуя тууралуу өз пикирин билдирди.

«Учурда «Көгүлтүр от», «Ретро дискотека», айтор, Жаңы жылдык программалар тартылып жатат. Программага кимдер катышары аныкталып бүткөн. Жаңы жылдык көрсөтүүгө кимдер катышат, кимдер катышпайт, Көркөм кеңеш аркылуу өтөт. Быйыл мен Жаңы жылдык көрсөтүүлөр үчүн атайын жобо жазып чыккам. Анда 2019-жылдан бери чыгармачылык менен изденип, жаңы чыгармаларды жаратып, жаңы клиптерди тартып, өзгөчөлөнө алгандарды программага кошобуз деп чечкенбиз. Анткени көрүүчүлөр деле «бул былтыр эле ушул ырын ырдабады беле. Кайра эле ошол ырды кайталап ырдай береби? дешет да. Азыр Асанкалыйдын, Рыспайдын ордун баскан жаңы таланттар чыгып жатат. Алар жанталашып акча коротуп чыгармачылыгын өнүктүрүп, эл аралык сынактарга катышып жатса, эмнеге аларды чыгарбай башканы чыгарышыбыз керек? Кыргыз ыр жандуу эл, өлкөбүздө 800 ырчы бар экен. Ар бирине чалып, сиз кандай иштедиңиз эле деп сурап чыга албайбыз да. Алар активдүү болуп, өздөрүн көрсөтүшү керек болчу. Дагы кошумчалай турган нерсе, программага эч ким акча берип чыккан жок. Эгер ким акча берди дегенди укса мага кайрылсын», — дейт Мирлан мырза.

Булак: Супер