Ырчы, аткаруучу Болот Тасмаев 49 жашында каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти. Маалыматка ылайык ырчы кант диабети оорусу менен күрөшүп келген. Оорунун кесепитинен улам бүгүн, 30-июнда көз жумган. Болот Тасмаев 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн.
Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Болот Тасмаев кичинекей кезинен сахнага чыккан. Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1991-1992-жылдары алып баруучулук менен алектенген.
Акын Кыялбек Урманбетовдун «Аманат» ырын ырдап чыгып, эл оозуна алынган. Эң биринчи ыр жыйнагы «Сен билген жоксуң» аталышында 14 ырды камтып, 2014-жылы жарык көргөн.
Булак: Супер