Домой Коом Ырааттуу саясаттын жемиши: 1-сентябрга карата 100 жаңы балдар бакчасы ачылат

Ырааттуу саясаттын жемиши: 1-сентябрга карата 100 жаңы балдар бакчасы ачылат

54

cialis best preis bestellen. SAB_7379

Туура жүргүзүлгөн иштин нугу өзүнүн жемишин берээри турган иш. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгени экономикада алдаканча алгылыктуу жылыштар болгонун конкреттүү цифралар тастыктады. Экспорттун көлөмү өсүп, өлкөбүздүн жеңил өнөр жайынын өндүрүшү да алдаканча алдыга жылганы байкалды.

Ошону менен катар эле өкмөт билим берүү тармагына да олуттуу көңүл буруп келет. Өлкө аймактарында жаңы мектептер курулуп, эскилери оңдолуп-түзөлүүдө. Мамлекеттин эртеңи – келечек муундун бүгүнкү тарбиясынан, алган билиминен көзкаранды боло турганын эске алганда министрлер кабинетинин учурдагы жасап аткан иш-аракеттери толук колдоого алаарлык.

Өкмөттүн жүргүзгөн туура саясатынын негизинде үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата республикабыздын аймактарында 100 жаңы бала бакча ачылаары маалым болду. Бул Бүткүл дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар бакчалары алыскы райондордун айылдарында ачылат. Тактап айтсак, Чүй облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 17, Ош облусунда 16, Ысык-Көл облусунда 15, Талас облусунда 13, Нарын облусунда 12, Баткен облусунда 7 балдар бакчасы ачылат.

Ошентип бир убакта саны кескин кыскарып кеткен балдар бакчаларынын саны кайрадан көбөйүүнүн үстүндө болууда.