Домой Саясат Ынтымакты чыныгы мекенчилдер ширелтет

Ынтымакты чыныгы мекенчилдер ширелтет

5

Акыркы мезгилде тогуз жыл мурда бийликке келип убактылуу өкмөтпүз деген бир ууч билермандарга карата ачуу сөздөр айтылып жатканын коомчулук угуп, окуп жатат. Көрсө алардын өзүм билемдигине көптөн бери ичи сыйрылып жүргөндөр жок эмес бар экен. Айрыкча бызып кеткен мурдагы ажонун куйругун кармап оокатын кылгандар, ошондо эзели көрбөгөн ооматына ныксырагандар, устукандуу жердин чүйгүн этин жегендер, мамлекеттин мүлкүн менчиктеп алган шылуундар күйүгүшкөнү, үйүгүшкөнү ачык көрүнүп калды. Тимеле алардын илебине картөшкө бышат чиркин!

Убактылуу өкмөттүн катары толукталып, мурдагыдай бүшүркөбөй калышты. Кантсе да керек учурунда Баш мыйзамды “чампалай” салган кишинин азыр анча-мынча колдоочулары жүгүрүп жака-белинде жүрөт. Анткени менен Текебаевдин үй камагына чыкканына ызырынгандар болсо кайсы жерине “тикендүү зым” койсок экен деп акмалап калганы деле жашыруун эмес. Ал деле кезинде далай кыйынмын деп көкүрөк каккандардын омурткасын сыздаткан. Эмгиче ошолордун бели түздөлбөй келатат. Анан кантип Өмүкеге боор тартсын? Эмнеси болсо да саясаттын карама-каршылыгы эч убакта токтобой турганына көзүбүз жетти. Чамасы саясатта достук эмес жалаң кызыкчылыктар орун алды дегенге кошулбаска чара жоктой.

Беш күн мурда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “Ынтымак” эс алуу багына көчөттөрдү отургузушту. Арасында Топчубек Тургуналиев менен камактагы Алмазбек Атамбаевдин карааны көрүнбөдү. Дагы бир балээни баштап, чатак чыгарып жибербесин деген “шааниде” Топчукени чакырышпаса керек иш билгилер. Бир жагынан Роза Отунбаевага өтө катуу “жактыруусу” бар экенин билгендер тынч эле бололучу дегендей түр жаралганы сезилип турат. Мамлекеттик деген каналдардын, басылмалардын жазмакерлери, тартмакерлери бул ишаараттан көрүнбөгөнү деле белгилүү дечи? Алардын да карманган өзүнчө “саясаты” бар эмеспи…

Ошол “маанилүү” иш чарага келе албай калгандардын эсебинен да бак отургузушту. Азимбек Бекназаровдун “дубасы” менен А. Атамбаевдин багы да сапка тизилди. Эгерде чын ыкласы менен отургузган болсо келечекте ошол бак саябанга айланарына тилек кылып коелу дегендер миңдеп саналат. Кантсе да Азикең эгерде тандоо башка түшсө кимисин тандайт элеңиз деген суроонун жообун кысынбай эле берген убагында. Анын тандоосу Текебаев эмес, Алмазбек Атамбаев болгонун жамы журт уккан жайы бар. Ал тургай эмне үчүн аны тандаганын деле чемелеп берген. Ошондуктан башкалар батынбаган ишти ушул ирет да Бекназаров жүзөгө ашырып койду. Макул, президент аларга чай бердиби, тынч болууга үндөдүбү, же шайлоонун алдындагы разминкабы, айтор убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн кабыл алды. Антсе да өз тобу бар, алдыдагы максаты токулган кыйындар ымалага келишээрине түк ынанууга болбойт. Жогоруда кеп кылгандай саясат азыр күн эмес саат сайын өзгөрүп жатат, же калппы? Демек, ынтымактын чордону мекенчилдерде десек жаңылбайбыз.

Булак: “Ачык сөз”