Чакырууга ылайык журналист тергөө бөлүмүнө 6-март күнү барып, көрсөтмө берүүгө тийиш.
“Ынтымак” телеканалы февралда Ош мамлекеттик университетинин студенттери шаарга жапырт каттоого тургузулганы тууралуу баяндаган.
12-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо күтүлүп жаткан Ош, Токмок жана Каракол шаарларында добуштарды сатып алуу максатында сырттан жарандарды шаарга жапырт каттоого коюп жатышканы тууралуу маселе маалымат каражаттарында, парламент трибунасында жана БШКнын жыйынында көтөрүлгөн.
17-февралда Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында добуштарды сатып алуу аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялаган. Маалыматка ылайык, ишти Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренесинин негизинде бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Шайлоо алдындагы жапырт каттоого тынчсыздануусу президент Сооронбай Жээнбеков да билдирди. Мамлекет башчы 5-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн толук ачык-айкындуулугун камсыз кылууну талап кылган.Булак: Азаттык