Домой Ден-соолук Ылайым эле вирустун мизи кайтса экен…

Ылайым эле вирустун мизи кайтса экен…

42

Кудайга шүгүр, Жаратканга чексиз мактоолор болсун дейли. Күн өткөн сайын жаман илдеттин жайылышы азайып,  адамдардын өлүмү кыскарып жатат. Ылайым эле ушундай болуп, элибиз оорубаса экен! Акыркы күндөрү вирус жугузуп алгандардын саны 400дүн тегерегине жетип, каза болгондордун саны 10дун айланасында болууда. Кудай буюрса, алдыӊкы күндөрү, дагы да азайып олтуруп, бул көрсөткүчтөр таптакыр жоюлат деген ишенимде турабыз. Бирок ал үчүн ар бир адам коронавирустан коргоонуу үчүн айтылган эрежелерди так сакташы зарыл. Эсек сала кетсек,  март айынан бери бул пандемия 1438 мекендешибиздин өмүрүн алып кетти. Ал эми вирус 40 миӊге жакын адамга жукту.

Булак: Багыт