Демек, бул кадам алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетим жок экенин билдирет.
Партиянын өзүнө келсек, саясий кеңештин мүчөлөрү Ыйман Нуру шайлоого катышат деген чечимге токтолду. Кесиптештеримдин чечимин депутаттыкка талапкер болгон кандидаттар колдогону урмат-сыйга арзыйт.
Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Менин келечекте, өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар.
Ыйман Нуру партиясына ийгилик каалайм.
Урматым менен, Айбек Осмонов