«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков социалдык түйүндөрдө ага карата каралоо иштери туурасында өзүнүн Фейсбук баракчасында буга карата пикирин кеңири жазып чыкты:
— Туугандар, мага карата да каралоо башталыптыр…
Негизи бул күтүлгөн эле кадам болчу. Коорупционердин бетин ачып, ээлеп алган жерин айтып, төлөбөй койгон салыгын санап, «казынага төк» -деп, доолап атсаң ким эле дароо мойнуна алсын? Ким эле ии билбей калыпмын жакшы эстетпедиңби? -деп чуркап келип, карызын карыздай, салыгын салыктай төлөп койсун?
Мындайда эч ким күнөөсүн мойнуна алгысы келбейт. Салыкчы менен сүйлөшүп алган кара схемасы бир күндө эле ачыкка чыгып кетсе кайсы коррупционер кубансын? Мурда жакшы эле айтканын кылып аткан салыкчы бир күн эле кагазына кол койбой «Мындан ары тазараак төлөбөсөңүз болбойт» деп турса кайсы коррупционер жыргасын. Жыргабайт. Кубанбайт. Наразыланат. Ушу журналисттер тойгузду дейт. Сөгүнөт, актанат. Анан айласы кеткенде ушинтип, каралоого, беттен алганга өтөт.
Кечээ Ыдырыс Исаков менден 5 миң доллар сурады деп бир жигит маалымат таратты. Ал бала милициянын полковниги экенин унутуп, каралардын ана башы Кадыр (Женго) Досоновко өкүл бала болуп алган ишкер Жалил Атамбаевдин колунда иштейт. Ошондуктан ал баланын абалын да жакшы түшүнөм. Шефи «арыз жаз. Кайдан болсо да бирдемени ойлоп тап! Ии, Ыдырыс акча сурады деп жаз. Алдамчы деп жаз!» -деп артында маарап турса кантип баш тартат?
Ошондуктан «Ыдырыс акча сурады» деп маалымат берип аткан баланы сөкпөңүздөр. Тилдеп жаман көрбөңүздөр. Жөн гана түшүнүп коюңуздар.
А Жалил Атамбаев салыгын таза төлөсүң. Раим Матраимов тосуп алган жолду ачсын. Балдардын жерин Матраимовко берип койгон мэр жазалансын. Жалил Атамбаевдин салыгын, ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөндүн ордуна калкалап, крыша болуп алган чиновниктердин бети ачылсын. Жоопкерчиликке тартылсын.
Милиция байды мактап, элди алдап оокат кылганын койсун. Милиция ууруларга адвокат болбой, элге кызмат кылсын. Мамлекетке кызмат кылсын!
Чиновниктер ар бир тыйынын кайдан тапканын элге санап, далилдеп бере турган заманга жетели. Анткени чиновник элдин жалданма жумушчусу! Ушуну унутпайлы!
А мага карата каралоолор дагы болот! Али көп болот. А мен коррупция менен күрөшө берем. Ууруну ууру, кылмышкерди кылмышкер деп айта берем. Беттерин ача берем, — деп жазды журналист.