
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана анын кабинети толук курамы менен отставкага кетти. Бул тууралуу япон өкмөтүнүн канцеляриясынан билдиришкенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, мурдараак Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшыра тургандыгын билдирген болчу.
Ёсихидэ Суга Япониянын жаңы премьер-министри болуп шайланды. Япониянын парламентинин өкүлдөр палатасынын депутаттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында, ал көпчүлүк добушту: жарактуу 462 бюллетендин 314үн алган.