Домой Дүйнөдө Японияда жер көчкүдөн 80дей үй кыйрап, 113 адам дайыныз жоголууда (видео)

Японияда жер көчкүдөн 80дей үй кыйрап, 113 адам дайыныз жоголууда (видео)

7

3-июлда Япониянын Атами шаарында жер көчкү жүрүп, 80ге жакын үй жок болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Жер көчкү болжол менен эки чакырымга созулган. Сидзуока бийлиги кырсыктан 100дөн 300гө чейин үйлөр ар кандай денгээлде зыянга учураганын, бирок, азырынча келтирилген зыянды так баалоо мүмкүн эместигин билдирди.

Япониянын борбордук жана чыгыш аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан ылдам жүрүүчү поезддер токтоп калган. Токиону ири шаарлар Нагоя, Осака жана Киото менен байланыштырган эң жыш темир жол тилкесинде да кыймыл үзгүлтүккө учураган.
Япониялык куткаруучулар жер көчкү түшкөн Атами шаарында куткаруу иштерин улантышууда. 113 адам дайыныз болуп жатканы айтылды. Кырсыктан эки адам каза болуп, эки адам жаракат алган жана 23 адам урандылардын астынан куткарылган.
Жер көчкү 37 миң тургуну бар Атами шаарында болгон. Табигый кырсыктын себеби Япониянын борбордук жана чыгыш аймактарында бир нече күндөн бери тынбай жааган жамгыр болду. Метеорологдор жаңы көчкү коркунучу бар экендигин эскертишүүдө.