Домой Тагдыр Якутияда зордуктоого шектелген кыргызстандыктар соттолду

Якутияда зордуктоого шектелген кыргызстандыктар соттолду

53

Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасында сот жергиликтүү аялды зордуктады деп шектелген үч кыргызстандык жаранга өкүм чыгарды. Ага ылайык, үчөөнө үч башка жаза чегерилип, алар 14, алты жана төрт жылга эркинен ажыратылды.

Үчөөнө «адам уурдоо», «опузалап зордуктоо», «талап-тоноо» беренелери боюнча айып тагылган.

Якутияда быйыл жазында болгон бул окуя чоң резонанс жараткан. Мындан улам жүздөгөн жергиликтүү тургандар мигранттарга каршы калайман нааразылык акцияларга чыккан.

Бишкектен Якутияга өкмөттүк делегация барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле алар мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сураган.