«Якутиядагы кыргыз конгресси» аймактык бирикмесинин төрагасы Жазбек Бекболиев кылмышка шектелип кармалганын 27-декабрда «Комсомольская правда» гезитинин расмий сайты кабарлады.
Кабарга тиркелген видеодон күч кызматкерлери аны кафеде отурган жеринен колуна кишен салып кетип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеодо күч кызматкерлери анын жанынан Кыргызстандын паспортторун барактап, суроолорду берип жатышат.
Сайттагы маалыматка караганда, Бекболиевге мыйзамсыз миграция уюштурууга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Бекболиевдин жактоочулары менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат.
Тышкы иштер министрлиги да маалымат бере элек.
Жубайы Назгүл Бекболиева 4-декабрда күйөөсүнүн кадыр-баркы, жердештери арасында ишенимди кетирүү аракети журүп жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Быйыл март айында Якутияда мигранттарга каршы маанай кыргызстандык жаран жергиликтүү аялды зордуктаганы тууралуу маалымат чыккандан кийин күчөгөн. 18-мартта Якутск шаарында мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага республиканын жетекчилери да катышкан.
25-мартта Бекболиев терс маанай жоюлуп баратканын билдирген.
Якутияда 7 миңден ашуун кыргызстандык жашап-иштей тургандыгы айтылып жүрөт.