Европадагы «Кайра жаралуу доору» деп аталган маданияттын генийлеринин бири, тээ 16-кылымда жашап өткөн голландиялык сүрөтчү Ха́рменс ван Рейндин атактуу «Возврвшение блудного сына» деген баа жеткис сүрөтүн далайыбыз эле көрүп жүрсөк керек. Бул чыгарма Евангелиядагы бир баяндын окуясынын негизинде тартылган. Ал окуяда бир адамдын кичүү баласы өзүнчө оокат кыла алам деп жер кыдырып кетип, адашып жүрүп, жан азыгы түгөнгөндө аргасыз өз жерине келет. Евангелиядагы бул окуя качандыр бир доорлордо жазылган. (Рембранттын атактуу сүрөтү болсо мындан болжолдуу 350 жыл мурда тартылган.) Минтип ал сүрөтчүнүн картинасы тууралуу эскерип жатканыбыз, дал ошол Рембрант сүрөттөгөндөй эле Ө.Бабанов да 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин ага карата кылмыш иши козголгондо, ал үчүн добуштарын берген ошол кездеги 600 миңге жакын электораты колдоого алып турса да өлкөдөн чыгып кетип калган. Анан үстүбүздөгү жылдын Нооруз майрамынын алдында «мен баратам, күткүлө!» деп жар салып, а бийлик «келсең камайбыз» деп койсо аэропорттко кирип бараткан жеринен кайра артка кеткен эле. Ошондон кийин эл арасында «Бабанов аны күткөн электоратынан да байлыгын, көр дүйнөсүн жогору койду» деген кеп тараган. Көптөрүнүн көңүлдөрү кайт болгон.
Ал эми айтылуу Азимбек Бекназаров ачык эле «Бабанов байлыгын баласынан да жакшы көрөт…» деген тариздеги пикирин ММКларга билдирип чыккан. Эми минтип өлкөдөгү чыңалган кырдаалдан пайдаланыппы же өйдө жактагы билермандар менен жең учунан сүйлөшүп алыппы, айтор Кыргызстанга кирип келди. Кирип келген менен аэропорттон бутун жерге түшүрүп аны тосуп барган эл менен учурашууга жүрөгү даабады. Даңкайган жол тандабас машинесинен денесинин жарымын чыгарып бирдемелерди айтымыш болду. Ал эми «Бабанов келсе эле камайбыз» деген УКМК деле, «Балапан… коррупцияны биринчи сенден баштайм» деген президент деле Бабановду суракка чакырып, чакырымыш болуп кандайдыр эл көзүнө кандайдыр бир «имитация» гана жасап жаткандай… Өмүрбек Бабанов болсо урматтуу президент менен күч түзүмдөрүнө ага карата жасаган жылуу мамилеси үчүн терең ыраазычылыгын кайта-кайта билдирип, коомчулукка болсо «элим, жерим силер үчүн жанымды берүүгө даярмын» деген маанайдагы небак трафареттелип бүткөн сөздөрүн сүйлөп, өзүн Кыргызстанда акыйкаттын, тынчтыктын, тазалыктын, өлкөнү саздан сууруп кетүүчү реформатордун символундай көргөзүп, элдин «мээсин тегереткенге» өттү. А чынында Кыргызстандын калың бөлүгү андан өлкөдөгү болуп өткөн акыркы саясий окуялар туурасында калыс, куйтуланбаган ачык сөзүн уга албай отурушат. Ө. Бабанов болсо өзүн өтө комфортуу сезип жатканын улам божураган сайын негедир элдин ага болгон ишеними дээрлик тайыздап бараткандай …
“Айгай-пресс”