* * *
Мамлекет – бул бизнестин атаандашы эмес, тескерисинче, бизнес ишине шарт түзгөн сервис.
* * *
Менимче, биздин өлкөдө саясат жөнүндө азилдер дайыма эскирбейт. Мүмкүн саясатчылар арасында эскирер, бирак эл арасында иттей актуалдуу. Качан болсо кимиси кайда жүрү, кайда туру, кайда жатыры, кайда отуру – ушул шекилдүү.
* * *
Эч качан территориябыздан ажырабас тынчтык үчүн кызматтан кылчактабай кол жууганга даярмын.
* * *
Бири-бирибизди сыйлоого үйрөнүү зарыл. Улут деген түшүнүктүн өзү ошол. Кыйкырык, куру сөз эмес – сүйүү, сый-урмат бириктирет.
* * *
Евросоюз бизди барыбир кабыл алат. Жактырбастыр, бирок кабыл алат! Сөзсүз. Анткени тирлиги бизге байлануу. Ойлоп көрсөңөр, азыр Европада врач, мугалим, илимпоздорубуз канча! Аларды кайтарып келип алсак – европалыктардын идиш-аягын ким жууйт?
* * *
Виктор Фёдорович Янукович биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар жана ал жашай берет дейт. Ким буга макул эмес, өзүнүн жаагын жапсын.
* * *
Тигил же бул өлкөнүн аймагына артисттерди өткөрбөө керектигин талкуулаган саясатчылар ким деги? Агер алар азык-түлүктөрдү өткөрбөөгө тыйуу салса, түшүнөт элем… А биз картөшкө, пияз болуп калыппызбы? Жеке мен артист боордошторумду антип ойлобойм.
* * *
Мен сиздин оппонент эмесмин – сизге чыккан өкүммүн!
(Петро Порошенконун сөзүнө жооп).
* * *
Саясатчыдан бирдеңке алган болсоң, бүттү, сен эч качан эркин боло албайсың, мен муну дадил түшүндүм.
* * *
Агер кайсы бир божомол-дөдөмөлдү жокко чыгаргың келсе, чычалаба. Эч чычалаба. Абсурдга жеткир кайра, жеңишиңди ошондо көрөсүң.
* * *
Баарыңарга кутман кеч! Кутман кеч, ардактуу достор! Силерге бүгүн «жылдыз» болуу не экенин айтып берели. Эмесе мындай, эгер сен жылдыз болсоң – түндөсү тамак жеген болбойт. Каалагандай ичкенге, чеккенге, сүйгөнгө болбойт. Жок дегенде сүйүүнү… бекер эле… Баарына түкүрүп, метродо көңүл ачайын десе да – жылдызга уруксат эмес. Арийне, кайда барбасын, жылдыз болгондордун жеке турмушу курусун.
* * *
Агер Украина, Россия, Беларусь Евросоюзга кирсе, анда Советтик Социалисттик Республикалар Евросоюзу болушу ыктымал.
* * *
Агер адамдар бирин бири материалдык бакубаттыкка карабай сүйсө, ошол сүйүү түбөлүктүү.
* * *
Чакырбаган жерге эч качан конокко барбайм. Эч качан! Шыпырылбаган жерге көчүк койгон бечара болгум келбейт.
* * *
Агер күн кылайып турса, адам ага кубанышы керек ко! Агер сулуу селки кара көзайнегин унутуп койгон болсо, күндөн көзү уялганына дароо уңулдайт десең. Мунун баары маанайга жараша, андыктан маанай жаркын болушу керек!
* * *
Балдар – адам жашоосунун дегеле бир керемет көрүнүшү! Аларды карап отуруп түшүнгөнүм: чоңдорго караганда кылган-эткендери, ойлору, кээде баёолук менен кыйдылык кылышканы да таза-тунук десең. Алар эркин-эмин болгонду каалашат…
* * *
Азилге болгон мамиле – адамдын жашоого болгон мамилеси. Турмушка ким канчалык үстүртөн караса, турмуш ага ошончолук күлкүлүү.
Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР
[1] Икона – христиандар сыйына турган кудай же олуялардын кооздоп тартылган сүрөтү.
[2] Идол – жасалма кудай.