Домой Коом Владимир ПУТИН: “Алмазбек Атамбаев убадага турганды билет”

Владимир ПУТИН: “Алмазбек Атамбаев убадага турганды билет”

63

1035239051

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Сочи шаарында кыргызстандык “Көз караш” продакшн студиясынын журналисти менен кыскача маек курду. Ал Кыргызстанды Алмазбек Атамбаев башкарган мезгилде эки мамлекет ортосундагы өз ара мамиле кандай деңгээлдеөнүккөндүгү тууралуу ой пикири менен бөлүштү. Биз ошол маекти кыргызчага кыскартып котордук.

Владимир Путин:- Мамилебиз абдан жакшы. Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири – соода жүгүртүүнүн 20%ы Россиянын үлүшүнө таандык. Алмазбек Шаршенович бизди эмнелер ажырагыс кылып байланыштырып турарын көп эле жолу айткан. Биринчиден, ал мурдагы Советтер Союзунун, азыркы Россиянын, Кыргызстандын да аймагында жашаган көптөгөн элдердин алтайлык тамырын илимий изилдөөнүн демилгечиси. Биздин биримдигибизди бекемдеген Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу да ар убак эскеребиз, анткени орус, кыргыз, казак жана башка бардык улуттар жеңиш үчүн жан аяшкан жок. Кыргызстандын аракеттеги президенти абдан таланттуу адам, ыр жазып, обон чыгарат, борбордук телеканалдардан көрсөтүлгөнү да албетте абдан кызыктуу. Бизди жакындаштырып турган мисалдар булар эле эмес. Бизде мындан башка тууганчылыгыбыз, жекече достук катнаштаржетиштүү.

Азыр чарбалык байланыштарбыз көбүрөөк өрчүп баратат. Өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын өз ара соода жүгүртүүсү 2,5 эсеге өстү. Кыргызстандан жашылча-жемишти импорттоо 2,3 эсеге жогорулады. Кыргызстан өз убагында Советтер Союзунун коргонуу жөндөмүн жогорулатууга өзгөчө салым кошкон. Мисал катары Кыргызстанда жайгаштырылган коргоо өнөр жайына тиешелүү ишканаларды айтсак болот. Кыргызстандын келечеги кең. Кыргыз эли таланттуу, мээнеткеч калк, кыргыз жеринин байлыктары да кеңири. Билсеңер, Кыргызстанда энергетиканы өнүктүрүү боюнча биздин “Газпромдун” чоң пландары бар. Кыргызстандын президенти менен макулдашылгандардын баарысын ишке ашыра турган болсок, жакынкы жылдарда газификациялоо деңгээлин 60%га чейин жеткиребиз. “Газпром” бул максатка 100 млрд рублга чейин каражат сарптоого ниеттенүүдө. Бул максат ишке ашат, анткени калкы чакан, географиялык жайгашуусу да өзгөчөлүү бул өлкөдө россиялык авиабазанын жайгашкандыгы бекеринен эмес.

— Сиз Кыргызстан менен Россияны мезгил өзү ширеткен ынтымак, экономикалык байланыштар бириктирип турат дедиңиз. Жеке мамилеңиздер туурасында да айта кетсеңиз.

Владимир Путин:- Биз бир топ жыл мурда, мен Россия федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы болуп турган 2011-жылы таанышканбыз. Биз баарыбыз ар кандайбыз. Атамбаев абдан жаркын адам, ыр жазат. Бул анын кандай инсан экендигин айтып турат. Ал абдан эмоциялуу, а менин мүнөзүм бир аз башкараак. Аны менен шыр эле жакын болуш кыйын, бирок ал өз сөзүнө тура билген адам. Кээде аны менен тил табышуу татаал. Эгер тил табышсак, ал айткан сөзүнөн, берген убадасынан эч убакта кайтпайт. Мен дагы ошондой болгонго аракеттенем. Ушул жагынан окшоштугубуз бар деп ойлойм.

— Кичүү Буш менен Техастагы ранчосунда алгач ирет жолукканыңызда ал Сизге абдан ишенип жаткандыгын айтканы эсибизде. Атамбаев менен башталышында түшүнүшүү кыйынга турган болсо, азыр баары өзгөргөндүр…

Владимир Путин:- Менимче адамдардын баары эле адегенде бири-бирине алыстан көз салышат. Көп жылдардан бери иштешип жаткандыктан, биз бири-бирибиздин сырыбызды азыр жакшы билип калдык. Дагы бир жолу кайталап коёюн, мен үчүнишенимдүүлүк баарысынан маанилүү. Алмазбек шаршеновичке мүнөздүү сапат — бул шертке бекемдиги. Ал убадага бек адам.

buy lasix online fast delivery. — Сиз аны менен чалгынга барат белеңиз?

Владимир Путин:- Менин чалгындай иштебей калганыма көп болду. Биз андан да маанилүүрөөк мамлекеттик иштер менен бирге алекпис. Чалгынчыларым дайыма жанымда. Менин көз карашымда, ишибиз жаман эмес.

— Кандай деп ойлойсуз, президент Атамбаев тышкы саясатта башка оюнчулардын ишенимине кире алдыбы? Алар Кыргызстан менен тең ата эле сүйлөшүп жатышабы?

Владимир Путин:- Менимче ошондой эле. Балким баарына эле жага бербестир. Бирок, ага олуттуу адам катары урмат менен мамиле кылышат. Себеби, аны сөзү менен ишинде ажырым жок. Ошону үчүн алар олуттуу өнөктөш катары мамиле жасап, Кыргызстан утушка ээ болуп жатат. Билсеңер биз Кыргызстанды ЕАЭБге киргизүүнү макулдашканыбыз оңойго турган жок. Жумшартып айтканда, бир топ ызы-чуулар болду. Көп жагдайлар кызуу кандуулук менен талкууланган. Президент Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын кызыкчылыктарын жан үрөп коргогон. Акыр аягында биз компромисске келгенбиз. Кыргызстандын экономикасын ЕАЭБдин шартына көндүрүү үчүн Россия көп жардам бергендигин эске сала кетейин. Бул максатка биз 200 миллион доллар бердик. Мындай тышкары, тиешелүү өнүктүрүү фондун түздүк. Россия ага дагы 500 миллион доллар берди. Менин маалыматым боюнча анын эсебинен 31 долбоор ишке ашырылып жатат. Дагы бир нече жүз долбоор каржыланышы керек. Биз Алмазбек Шаршенович менен акчаны жөн эле туш келди чачып жибербейли, кыргыз экономикасынын жүзү болуучу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, тармактар боюнча конкреттүү өндүрүш ишканаларына жумшалат деп макулдашканбыз. Мен ошондой эле болот деп үмүт кылып жатам.

— Ал өзүнөн кийин кандай саясий мурас калтырат деп ойлойсуз? 

Владимир Путин: — Менин көз карашымда, Кыргызстан экономикалык жана саясий жагынан туруктуу мамлекетке айланды. Бул эң башкысы. Ушул багыттан тайбаш керек деп ойлойм.

— Сиз Атамбаев баштаган багыт улантыларына ишенип жатасызбы?

Владимир Путин:- Ишенем. Эгер Атамбаев түптөгөн базис кайтарымдуу пайдаланылса, Кыргызстандын позитивдүү өнүгүүсүнө кепилдик бар.