Домой Коом Вирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого 3000 доллар каражат жумшалышы мүмкүн

Вирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого 3000 доллар каражат жумшалышы мүмкүн

97
Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан бир бейтапты дарылоого 3 миӊ доллар каражат жумшалышы мүмкүн. Бул тууралуу, 24-апрелде онлайн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Брифинг учурунда «Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрили вирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого 3 миӊ доллар каражат кеткенин жарыялашты, бизде бир бейтапты дарылоого канча каражат жумшалууда»- деген суроо берилди.

«Ар бир бейтепты дарылоого кеткен социалдык- экономикалык чыгымдарды биз азырынча эсептей элекпиз. Бирок биздеги жумшалган каражаттар да ушул эле суммага жетип калса керек»-деп жооп берди Үсөнбаев.

Саламаттыкты сактоо министрилиги азырынча социалдык-экономикалык чыгымдарды так аныктай элек.