АКШ президенти, республикачы Доналд Трамп 29-ноябрда “Фокс Ньюс” (Fox News) маалымат каналына курган маегинде быйылкы президенттик шайлоодо өзү жеңишке жеткендиги тууралуу оюн дагы бир жолу айтты: “Биз шайлоодо жеңил эле уттук. Байден миллиондогон добуш алышы мүмкүн эмес”, – деп айткан Трамп.
Ал “Фокс Ньюс” (Fox News) маалымат каналына 3-ноябрдагы шайлоодон кийин алгачкы жолу маек курду жана Висконсин штатындагы добушту кайра саноонун жыйынтыгы Байдендин пайдасына аяктаса да, өз ою өзгөрбөстүгүн баса белгиледи.
Трамптын укугун коргогон топ өлкөдө көптөгөн сот иштерин демилгеледи, бирок жетишердик далилдери болбогондуктан, алардын дээрлик бардыгында бул топтун арызы четке кагылды.
Висконсин штатындагы добушту кайра саноо 29-ноябрда жыйынтыкталып, мында да демократ Жо Байден жеңип чыккандыгы, анын пайдасына 20 миңден ашуун добуш көбүрөөк берилгендиги тастыкталды.
14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өзүнүн отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Жо Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү.