Бүгүнкү жыйынга модераторлук кылган Тазабек Икрамов башка тексти берип адаштырып коюшту деп жини келип кетти. Бүгүн ал бир эмес, бир нече жолу адашты. ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевдин ысымын айтууда да жаңылып калган. “Баяндамачы Ички иштер министринин орун баса…министри Жунушали Кашкаро Астаканович”-деди Тазабек Икрамов.