Жалпы коомчулукка маалым болгондой арабыздан 1,5 жыл мурун өтүп кеткен жеке ишкер, элибиздин мекенчил уулу Таалайбек Курткаеевдин атынан түзүлгөн кайрымдуулук фонду көптөн бери элге, өзгөчө жардамга муктаж адамдарга кол сунуп байма-бай көмөк көрсөтүп берип келет. Короновирусу илдети өлкөдө катталып, карантин жарыяланып, элдин башына оор кыйынчылык түшкөн кезде «Таалай Курткаеев» фонду да элге, биринчи кезекте эл ичинде жардамга муктаждарга жардам көрсөтө баштады. Буга чейин дагы бул фонд Кочкор райондук ооруканасына медициналык коргоочу кийимдерден жардам кылган.
Аталган фонддун негиздөөчүсү Майрам Байтерекова Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө 15 тонна ун таратты. Аталган фонд мындай жардамдарды дагы да уланта турганын маалымдады…