Домой Саясат Видео -Суракматов суралсын! Бишкек мэриясы автобазада майнинг-ферма менен бизнес кылып жатабы?

Видео -Суракматов суралсын! Бишкек мэриясы автобазада майнинг-ферма менен бизнес кылып жатабы?

74

Жакында эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы  Бишкектин бир канча кичирайондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма бар экенин аныктаган болчу. Андай  учур Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатканы айтылган. Жакынкы күндөрү дагы бир ушул сындуу кылмыштын экинчи учуру катталышы мүмкүн. Албетте, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул маалыматка жакшылап көӊүл буруп, тыкыр иликтөөгө алса дейли…

https://www.youtube.com/watch?time_continue=5&v=VvKWZNJAS3o

Аз күн мурун интернетке Бишкек мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишканасынын базасынын ( мэрияга караштуу автобустар токтогон база) ичинде жайгашкан майнинг –ферма тууралуу тасма ФБга жарыяланган.

Бирок ал тасма алыстан, тактап айтканда дрон менен тартылгандыгы байкалып турат. Биз ошол базага барып, майнинг- фермага жайгашып, иштеп жатат деген жайды өз көзүбүз менен көрүп, кыскача тасмага тартып келдик.

Чындык бар. Ал жердеги ишкана өӊдөнүп көрүнгөн жай майнинг-фермага окшошуп турат. Айланасы курчалып тосулган. Бузук, оӊ автобустар  токтоп турган базанын четине жайгашыптыр.  Биз бул маселенин чоо-жайын тактайлы деп барган учурда ал жердеги билермандар жок экен. Болгону сантехника иштерин жасап жатабыз деген үч жигит жүрүптүр. Алардан  чоо-жайды сурасак, өздөрүн ишке жалдагандар  “бул жер “Газпромдуку” деп айтышкан дешти. Бирок чындай келгенде ал “Газпромго” тиешеси жок экени ачык эле көрүнүп турат.

https://youtu.be/ghznqZhwjTw

Кыдырып  көрүп,  баарын тасмага да тартып алдык. Контейнерге окшогон темир кампалардын ичинде электр жабдыктары жайнап турат. Андай темир кампалар жаӊылбасак, жарым гектар, балким андан  көп жерге жайгаштырылган. Билгендердин айтымына караганда бул сырдуу ишкананын иштеп жатканына 4-5 ай болуптур. Ачыкка чыгып калгандыктанбы, айтор бир карасаӊ башка жакка көчүрүлүп жаткандай, бир карасаӊ сантехника иштери жасалып, курулуш жүрүп жаткандай.  База болсо мэрияга караштуу жер экенин айттык. Ал жерди мэриянын жетекчилиги тиги “сырдуу ишкерлерге” жакшы эле каражатка ижарага беришсе керек. Балким, алар менен жеӊ ичинде келишип алып, бизнес жасап жатышабы? Кандай болгон учурда да бул көрүнүшкө мэрия, мэрияга караштуу ишкана жооп бериши керек. Тактап айтканда, мэр Азис  Суракматов менен анын жакын досу аталган ишкананын директору Нурлан Койчубаковдордун бул кадамын УКМК баштаган укук коргоо органдары иликтеп чыгып, элге так маалымат бериши зарыл.  Эгер бул иш аныкталып, мэриянын катыштыгы далилденсе, анда мындай акмакчылыкка, коррупцияга жол ачкандарга катуу чара көрүлүшү кажет.

183 миллиондун чоо жайы…

Жогоруда кеп башында жакында аныкталган майнинг ферма тууралуу кеп козгодук. Эми ал ферма кандайча иштеп, кандай жол менен миллиондорго туйтунуп келгенин учкай жаза кетели.  Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде Т.Ц. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блокчейн) колдонушкан.

Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген. Ортомчулук кызматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес.

Т.Ц. мекемесин тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү-түнү электр энергиясына жана Интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган. Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет. Анын баасы айына 13-14 млн. сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичирайондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот.

Айбек ШАМШЫКЕЕВ