Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Кабарлар.кж сайтына видео маек куруп, эмне үчүн 6 чакырылыштын мөөнөтү аяктап калганда парламентке келгенине коментарий берди.
«Биринчиден олимпиада иштери дүйнөнү каптаган пандемиянын айынан бир жыл нары жылып кетти. Аны менен катар эле партиядагы депутат болуу кезегим келип калды. Негизи партияда мен 58чи болуп катталгам. Өзүмдүн кезегим келгенде депутат болуп мандат тагындым»- деген.
Журналисттин «келээрки чакырылышта «Кыргызстан» партиясы менен биргеликте шайлоого аттанасыңарбы»-деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди.
«Биз командабыз менен биргеликте катарыбызга тың чыкма жигиттерди, кыздарды алып келээрки чакырылышга барууга даярданабыз.»