Домой Коом Садыр Жапаров: “Менде аянттагы митингди кимдер пландаганы боюнча далилдер бар. Эми аларды...

Садыр Жапаров: “Менде аянттагы митингди кимдер пландаганы боюнча далилдер бар. Эми аларды коомчулукка чыгара баштайм” (видео)

89

“Урматтуу кыргызстандыктар, өлкөдө кырдаал абдан оор. 3 күндөн бери мени иштетпей, ар кайсы күчтөр биригип алып, ишиме тоскоолдук жаратып жатат. Колу-бутум тушалган бойдон турат, же аппарат иштебейт, же башка структуралар баш ийбейт” – деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кечээ Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктан кийинки жасаган билдирүүсүндө.

“Мен Facebook баракчам аркылуу ошол күчтөргө кайрылуу жасагам, Бабанов, Атамбаев, Суваналиев, Руслан Казакбаев боюнча кайрылуу жазгам. Телефон сүйлөшүүлөрдүн бардыгы менин колума келип түшкөн. Ошондуктан, мен таңкы саат 5те “жаш балдар 2000, 5000 сомго алданбагыла, мамлекетти жоготуп албайлы” деп кайрылуу жасагам. Менде Атамбаев, Суваналиев жана башкалар бүгүнкү кырдаалды пландаштырган аудио жазуулар бар. Бүгүнтөн баштап мен аны чыгара баштайм”, – деп билдирди Садыр Жапаров.

булак: