Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов мас абалында жол кайгуулчулардын колуна түштү. Ушундай маңыздагы видео интернетке тарады.
Видеодон көрүнгөндөй, Жасур Азимов делген киши унаасы менен борбордук аянт жактан өтүп баратканда ЖКККБ кызматкерлери токтоткон. «Конокторго Ленинди көрсөтүп коеюн, Ленин эч жерде жок» деген чиновник видеого тартканы үчүн жол кайгуулчуларды сөгүнгөнү угулат.
https://www.youtube.com/watch?v=yg0XMZjPJzE
Кийин Азимовду наркология бөлүмүнө алып барып текшерип, унаасын айып аянтчасына киргизип, өзүн кое беришкен.
Эске сала кетсек, түнкү убакта Оштун борбордук аянты тарапта жол кыймылына тыюу салынган.
Жасур Азимов былтыр октябрда вице-мэрликке келген.