Кыргыз-Түрк ооруканасы ачылат. Азыркы учурда бул ооруканада даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал жерге коронавирус илдетин жаңы жуктуруп алгандар жаткырылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
“Кыргыз-Түрк ооруканасында даярдоо иштери жүрүүдө. Жаңы табылган учурларды бул жерге жаткырабыз. Оорукананын тегерегинде жашаган калк-арасында түшүнбөстүктөр жаралып жатат. Кечээ, 31-майда алар менен жолугушуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк” – деп билдирди Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, 1-июнга карата коронавирус илдетин жуктуруп алган жаңы 69 учур катталды. Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 21, Чүй облусунан – 6, Нарын облусунан – 14, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 9 жана чет жактан келген жарандардан 18. Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1817ге жетти.