Домой Коом Видео – Нурболот Үсөнбаев: “Эгерде боюнда бар аял таажывирус жуктурган болсо, анда...

Видео – Нурболот Үсөнбаев: “Эгерде боюнда бар аял таажывирус жуктурган болсо, анда вирус балага өтүп кетиши мүмкүн”

321
“Кыргызстанда таажывируска чалдыккан кош бойлуу аялдар каттала элек. Эгерде боюнда бар аял таажывирус жуктурган болсо, анда вирус балага өтүп кетиши мүмкүн. Бирок ал гигиеналык эрежени сактагандан көз каранды болот”,- деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 16-апрелде өкмөттө өткөн онлайн брифинг учурунда жарандардан келген суроолорго жооп берип жатып.
Учурда өлкөдө жалпысынан 466 адамдан таажывирус илдети аныкталган. Ал эми 91 адам вирустан айыгып, 5 адам оорудан улам каза болду.

Булак: «KyrgyzToday»