“Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча мыйзам долбоору канча убакыттан бери убадаланып келе жатат, бирок алигиче дайыны жок, биздин чакырылыштын мөөнөтү аяктаганча кабыл алып калсак жакшы болот эле”, – деп билдирди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында депутат Наталья Никитенко.
Анын айтымы боюнча, жаңы кылмыш мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу учурдагы “Уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамды шайкеш келтириш керек.
“Биз бир нече жолу мыйзам долбоорун карап чыгууну суранганбыз, бирок иш жылбай турат. Кылмыштын башын көтөргөндүгүн эске алганда, документтин зарылдыгы болгон, бүгүн эле уюшкан кылмыштуу топтордун 11 мүчөсү кармалган. Андан тышкары, шайлоонун алдында, айрым саясий күчтөр бул процессте криминалдык дүйнөнү тартууга аракет кылышы мүмкүн” – деп билдирди Наталья Никитенко.
ИИМдин орун басары Памир Асанов аталган мыйзам долбоору Өкмөттүн алдындагы эксперттик комиссияга жөнөтүлгөнүн билдирди.
“Бүгүнкү күндө ал мыйзам долбоору каралып жатат. Өкмөт аны жактырса, ал Жогорку Кеңешке жибериши керек” – деп билдирди Памир Асанов.
Булак: kyrgyztoday