Муфтий Максат ажы Токтомушев Рамазан айынын алдында элге видеокайрылуу жасады. Кайрылууда сабырдуу болуп, карантиндин шарттарын так сактоого чакырды.
Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылгандыктан Рамазан айында таравих намазы үйдөн окуларын белгиледи.
«Абал турукташканга чейин таравих намазын үйдө окуйбуз. Жума намаздын ордуна бешим намазын, беш убак намазды үйдө окуп жаткандан кийин таравих намазын да үйдө бала-чака менен окуп турабыз», — деди Максатбек ажы Токтомушев.
Коронавирус илдетине байланыштуу кырдаалдан улам орозо кармагандар ооз ачууну да үйдөн кыларын кошумчалады.