Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев дем алыш күнү айтылуу Токмоктун мал базарын кыдырып, малдын бааларын сурап, текшерип жүргөнүн береги тасмалардан көрүүгө болот. Буга чейин министр эттин болуп көрбөгөндөй кымбаттап кетишинен улам малдын сыртка сатылып кетип жатканын тыюу салуу боюнча өкмөткө сунуш берген. Өкмөт ал сунушту колдогон. Бирок азырынча базарларда, дүкөндөрдө эт арзандай элек…