Кыргызстандын малынын көбү Өзбекстанга сатылып, малдын баасы, өзгөчө базарларда эттин баасы 600 сомго чейин кымбаттап кеткен эле. Өкөмт этти арзандатуунун бирден бир жолу катары малды сыртка сатууга тыюу салганынына 10 күндөй болуп калды. Бирок базарларда, дүкөндөрдө эттин баасы дагы эле 600 сомду «апчыган» бойдон турат. Министр болсо Токмоктогу мал базарды кыдырып, малдын баасын билип чыкты. Малдын кымбатташы мал баккандарга жакшы эле болуп жатат, бирок эт сатып алып жегендерге кыйын болууда. Айтор, бул жагы бир беткей кароого да болбойт…