Максат Надырбековду көпчүлүк тойдо тамадалык кылганын, түрдүү теледолбоорлорду алып барып жүргөнүн билет. Бул жолу Максат мырзанын ички дүйнөсүнө үңүлүп көрүүнү чечтик. Маегибиз кызыктуу болду, сиз дагы күбө болуңуз.
– Максат, акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең…
– Чыгармачылыкта акыркы жаңылыгым – маркум Акжолтой Канатбек уулу тартылып бүтпөй калган тасманын акыркы бөлүктөрүнө дублёр болуп тартылдым. Буга чейин тасмаларга тартылып жүргөм, бирок дублёр болуп тартыла элек болчумун. Көп учурда жүзүмдү көрсөтпөй тарттык. Өтө эле баамчыл адам болбосо, мен экенимди байкабай деле калышы мүмкүн. Андан тышкары элдин кызматында эле жүрөм. “Нур” академиясында сабак берем. Мотивация бере турган сабактарды окутам. Туура кыялданганды, кыялыңды кайсы убакта ишке ашырышың керек экендигин үйрөтөбүз.
– Максатка жетүүнү өзүң кайсы жактан же кимден үйрөндүң?
– Ачыгын айтсам, жашоомо 2009-жылдан баштап тармактык маркетинг деген нерсе кирди. Ошондо өзгөрдүм. Мотивация бере турган китептерди окуй баштадым, ага чейин окучу эмесмин. Мен сүрөтчүмүн. Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик Көркөм сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүндө окугам. 4-курска чейин окуп, чыгып кеткем. Анткени жумушту же окууну тандаш керек болуп калды. Компанияларда иштеп жүрүп сабакка жетишпей калдым. Куулуп чыкканча өзүм чыгып кетейин деп окуумду таштап койдум. Кайра улантып окусам болот.
Андан бери 9 жыл өттү. 2012-жылдан бери сүрөт тарта элекмин. Ошентип тармактык маркетинг жакка ооп кеттим. Көп акча тапкан жокмун, бирок көп нерсе үйрөндүм. Тартынбай, өз оюмду толук жеткире айтканга үйрөндүм.
Бир жолу «сүйлө!» деп 100 адамдын алдына чыгарып коюшканда аябай сүрдөп, жаман болгонум эсимде. Бирок ошол коркунучту жеңдим. Кийин ораторлук курсту бүтүп, сабак өтө баштадым. Анда 19 жашта болчумун, ошол компаниянын алпаруучусу болуп калдым. 4 жыл алып бардым. Ошондо өзүмдү сындадым, “кана, эмнени кыйраттым?” дедим. Анткени баарыбыз эле көп акча тапкыбыз келет да. Көрсө, анда тажрыйба топтоп жатыптырмын. Кийин “Нур” академиясына келдим. Алпаруучу болуп телевидениеге чыга баштадым. Эл алдында болом деп эч убакта ойлогон эмесмин. Эл алдына чыгуу максатым эмес болчу. Бирок жашоо пиар тура. Колдо бар мүмкүнчүлүктү колдонуш керек экен.
– “Максат Надырбеков деген атты Нурзат Токтосунова жасады” деген кептин канча пайыз чындыгы бар?
– Чындыгы бар, элдер узун жол менен келсе, мен бул жолго Нурзатка үйлөнүп, кыска жол менен жетип калгандай көрүнүшү мүмкүн. “Нурзат Токтосунованын күйөөсү” деген сөз өмүр бою мени ээрчий турганын билем. Бул чындык. Ал өтө күчтүү адам. Бул сөздү туура кабыл алам. Бирок бир нерсени тактап коюш керек. Эгерде орой айтканда мен “чимкирик” болсом, миң жолу түрткүлөсө да менден эч нерсе чыкмак эмес. Менде да лидерлик сапат өтө күчтүү. Көп нерсени өзүм да көтөрүп кеткенге даярмын. Сахнага чыкканда сөлдүрөп эле тура берсем, Нурзат канча аракет жасаса да окшошпой калмак.
– Нурзаттан да бийик көтөрүлдүм деген ойлор болобу? Анткени эркектер аялдан өзүн ылдый коюшу кыйын дешет…
– Көбү “Максат белгилүү болуш үчүн Нурзатка үйлөнгөн” деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Эң биринчиден, аны аял катары көрө алганым үчүн үйлөндүм. Ийгиликти өзүм жаратып, бийиктикке жете алам. Азырынча бийиктикке чыга элекмин, бирок чыгам.
– “Аялдын энергиясы эркекти ийгиликке жеткирет” дешет. Сенин жашооңдо бул ойдун канчалык чындыгы бар?
– Апаларыбызды эле алсак, “ай, тургула, оокат кылбайсыңарбы, жата бересиңерби?!” деп баарыбызга жумуш жасатып туруп өзү жатып алат го. Аял ошондой мотиватор. Дайыма түрткүлөп турат, оюн айтат. Бирок адам ийгилик жаратууга өзү тырышса, андан да жакшы. Анткени ал өзүнүн чечими, өзү жоопкер.
– Кызыңар чоңоюп калыптыр. Акбермет жашооңо эмне алып келди? Жоопкерчиликпи, сүйүүбү?
– Ата болуу сезимин алып келди. Кызымды аябай жакшы көрөм. Эзилип кетем. Көбү мага окшоштурат. Бала ажайып башкача дүйнө болот экен. Аны айтып түшүндүрө албайм. Бактысын эле тилей берем.
– Сооротуп, жалаягын алмаштырып жардам бересиңби?
– Ачыгын айтайын, андайга жокмун. Ал тургай ага канчанчы номердеги такма жалаяк керек экенин билбейм.
– Силер сүйүү менен баш кошконуңарды билебиз. Бирок сүйүү да аша албаган турмуштук оорчулуктар болот эмеспи. Андайда кантип жол табасыңар?
– Сүйүүгө кабылганда бактылуулукту сезесиң. Бирок кээде кыйынчылыкты алып келген да сүйүү болот экен. Сүйүү жок болсо жалгыздыктан кыйналасың, бар болсо аны кантип өчүрбөөнүн жолун билбей кыйналасың. Экөө тең сүйүшүп турса да жетелешип, бактылуу боло беришпейт. Тескерисинче, кенедей нерседен уруш чыга берет. Кабагыңды бүркөп койсоң деле таарынышып кетесиң. Бул нерседен кантип чыгып кетүү керек? Сый менен. Иренжип калбаш үчүн көңүлдү калтырбай жашаш керек.
– Силерди таарынышып жүрөт деген кептердин башы чыкты, чындыгы барбы?
– Сөздөр чыга берет. Бизде баары жакшы.
– Нурзат “элдин сөзүнө көңүл бурбаганды Максат үйрөттү” деди эле. Чындап эле сени элдин пикири кызыктырбайбы?
– Мен “эл эмне дейт?” деген нерсени жеңдим. Чындап эл биздин жашообуз менен жашабайт. Окуудан чыгып жатканда да атам ушул себептен капа болгон. Окууну таштап салганым кимди ойлондурат? Көп китеп окуп жатып ал нерседен арылдым.
– Өзүңдү сырттан караганда кимди көрөсүң?
– Ушул суроону мен дагы көбүнө берем. Атамдан “кандай адаммын?” деп сурайм. Ал “сен баламсың, кандай экениңди эл айтсын” деп коёт. Өзүм жөнүндө бир нерсени билем. Үйдүн кичүүсү болгонум үчүн өзүмчүлмүн, кызганчаакмын. Өзүмө чек койбогон эркин адаммын.
– Аялга эң негизгиси үй-бүлө керек эмеспи. А эркеккечи?
– Ислам дининде эркекке төрт аял алууга уруксат берилген. Ушул нерсе туура го деп ойлойм. Эмнеге? Анткени эркектин табияты ошондой. Аны аялдар эч түшүнө алышпайт. Эркектерге аялдын көңүлү, сүйүүсү өтө зарыл болсо керек. Бага алса экинчи аял ала бергени туура деген ойго кошулам.
– Бул оюң үчүн көпчүлүктөн сын угасың эми…
– Аялдар мени тепкилеп жатып калышат болуш керек. Бирок көпчүлүк эркектер колдошот деп ойлойм.
– Маегиңе рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
Булак: Супер