Бүгүн Америкада Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши өттү. Эрже боюнча эки атактуу боксерлор 8-раундга чейин беттешмек. Ар бир раундга 2 мүнөттөн бөлүнгөн. Экөө тең 8-раундга чейин чыдап, судьялардын чечими эч кимге жеңиш берилген жок. Судьялардын узакка созулган талкуусунан кийин алар беттеш тең чыгуу менен жыйынтыкталды деп табышты. Бирок Майк Тайсон бул чечимге макул эмес экенин билдирди. Ал эми Рой Жонс ушул сыяктуу беттеш өткөрүүгө сунуш түшсө, макул болорун билдирди. Бул бетештен Тайсон 10 млн. доллар, ал эми Жонсон 3 млн.доллар алары айтылган.