Кыргызстан сулуусу 2020» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдүн ысымы аталды. Бул жылдагы жеңүүчү — 20 жаштагы модель Лаззат Нуркожоева.
https://www.youtube.com/watch?v=d0KZckK4lug
Ал президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Дөөлөтбек (Давлетбек) Жапаровдун кызы. 2018-жылы кыргыз-түрк лицейин аяктаган Лаззат Кыргыз мамлекеттик юридикалык университеттин студенти. Ал 2016-жылы Бишкектин топ-модели болгон. Жеңүүчүгө баш байгеге BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаа жана Египетке жолдомо алды. Ал эмки жылы Кыргызстандын атынан дүйнө сулуусу конкурусуна катышмакчы.