Домой Саясат ВИДЕО: Курсан Асановдун уулунун изине кантип түшүшкөн

ВИДЕО: Курсан Асановдун уулунун изине кантип түшүшкөн

450
Башкы прокуратура Асановдун уулу тергөөгө далил болчу документтерди Атамбаевдин тарапташтарына жеткирип берди деген видеону жарыялады.

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыяланды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, ал «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү документтерди жашыруу үчүн атасына жардам берди» деп шектелүүдө.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов 8-август күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып менен 27-августта үй камагына алынган. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Мухаммед-Али ал буюмдарды Атамбаевдин тарапташтарына бермек.

Башкы прокуратура Асановдун баласы Атамбаевдин тарапташтарына жеткирип берди деген видеону жарыялады.