Жүрөктү эзип, жүлүндү сыздаткан эӊ күчтүү ырды элибиздин жаркырап чыгып келаткан таланттуу ырчысы Жоламан Үсөн уулу ырдап чыкты. Бул ырдын ар бир сабында Кытайды мекендеп калган кыргыз туугандарыбыздын аянычтуу тагдыры, кыйын кезеӊге жык толгон тарыхы, мекенге болгон кусалыгы катылган. Жалпылап айтканда байыркы кыргыз элинин тарыхы элестүү баяндалган. Чынында эӊ мыкты, эӊ күчтүү чыгарма кытайлык кыргыздарбыздын гимнине айланып калганы ырас. Жоламан мырза, бул ырга ушул учурда клип тарттыруу аракетин көрүп жаткан экен. Чыграмачылык эргүү жана ийгилик каалап коелу!
https://www.youtube.com/watch?v=Z3HjF3xE55E