Домой Саясат Видео -Жунушалиев Кой-Ташта Атамбаев Ниязбековду «атып» жатканда жанында карап туруптур. Ал куралды...

Видео -Жунушалиев Кой-Ташта Атамбаев Ниязбековду «атып» жатканда жанында карап туруптур. Ал куралды Курсан Асанов кармап…

47

12-декабрда, Жогорку Кеңеш 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун угушту. Жыйынга премьер-министр М.Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Министр Кашкар Жунушалиев депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп катары полковник Үсөнбек Ниязбековго ок Атамбаевге таандык мылтыктан атылганын айтып, «балп» этти. Ал “Үсөнбек Ниязбековго ок Атамбаевдин СВД снайпердик винтовкасынан чыккан. Тергөөнүн негизинде аны ким атканы такталган. Бирок тергөө үчүн айта албайбыз“,- деди.

Министрдин орун басары, РАИММИЛЛИАРДдын пенсиядагы кудасы Памир Асанов да Жунушалиевдин сөзүн кубаттап, кубануу менен буларды айтты: «Ниязбеков «Карабин СВД» куралынан атылган октон көз жумган, ал боюнча тийиштүү баллистикалык экспертиза чыккан» — Баллистикалык экспертиза боюнча видеотасмада Курсан Асанов кармап турган «Карабин СВД» куралынан ок атылган”,-деди. Демек, Жунушалиев менен Памир Асанов Кой-Ташта Атамбаев Ниязбековду атып жатканда жанында тургандай эле сүйлөштү. Анча болду Памир Асанов Ниязбековду Курсан Асанов аткан деп койсо болмок. Анысыз да бул иштин ашмалтайы чыгып бүттү го…

Экспертизага ким ишенет? Эч ким деле ишенбейт. Экизпертиза бийлик үчүн каалган жыйынтык чыгарып берет. Илгертен ошондой болуп келген. Биз Атамбаев диактагандан алыспыз, анын бул окуяда күнөөсү жок деп айтуу кыйын. Бирок бийликтин мындай «даанышмандары» Жээнбековдун бийлигин элге биротоло жек көрсөтүп бүтмөй болушту. Акыры акмачылык менен кошоматчылыктын да чеги болушу керек да…