14-февралда Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук уктуруу уланууда. Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков сотко бир нече жансакчы менен келгенин көрүүгө болот. Ал эми Разаков бул малыматты четке кагып, анын жансакчысы жок экенин айтты. Бирок, Разаковду 7 киши коштоп жүргөнүн көрүүгө болот. Бирөөсү күрмөсүн кийгизсе, экинчиси унаасынын эшигин ачып берүүдө.
Булак: Говори.тв