Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстаныбыз да оор кырдаалга туш келип турган чакта. Жүрөгү элим- жерим деп соккон кайрымдуу ишкерлер көбөйдү.
Алардын бири Бакай ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн, Түйтө айылынын кулуну Сырдыбаев Улан кыйын кырдаалда элине жардам колун сунуп эки тез жардам унаасын белек кылган. Улан мырза эки тез жардам унаасын эки райондук ооруканаларга бөлүп берген. Бирин Талас районуна, бирин Бакай-ата райондук ооруканасына жеткизип берген.
Туулуп өскөн кичи мекенине кылган белеги үчүн Сырдыбаев Уландын айылдаштары ыраазычылыгын билдирүүдө.
Булак: Багыт