Видео -Жеке ишкер Эрмек Маркабаев Жети-Өгүздөгү жардамга муктаждарга азык-түлүк таратты
397
Жеке ишкер Эрмек Маркабаев Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы 200дөй аз камсыз болгон үй-бүлөөлөршгө азык түлүк таратканы маалым болду. Маркабаев коронавирустан улам карантинден улам сыртка чыга албай, азык-түлүккө муктаж болгон райондогу майыптарга, көп балалуу үй-бүлөөлөргө жана багаар-көрөөрү жок кары-картаңдарга ун, май, ун азыктарын, жашылчалардан турган жардам берген.
Маркабаев мындай жардамдарды буга чейин даберип келген. Эми мындан ары бере турганын айткан. Маселен, жакынкы аралыкта медициналык каражаттар, санитардык каражаттардан да жардам көргөзмөкчү.