Домой Коом ВИДЕО: Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын тургундарын куттуктады

ВИДЕО: Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын тургундарын куттуктады

43

Бишкек Шаардык Кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров Бишкектиктердин майрамы менен куттуктады:

“Кымбаттуу биздин шаардын тургундары жана коноктору! Сиздерди Бишкек Шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан баарыбызды бириктирип турган, Бишкек шаарыбыздын туулган күнү менен куттуктайм!

Урматтуу шаардыктар, борборубузда болуп жаткан өзгөрүүлөргө барыбыз күбө болуп турабыз. Бишкек заманбап шаарлардын катарын толуктап, жаңы боёкторго боёлуп ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Бүгүнкү күндө биз эле эмес дүйнө жүзү күрөшүп жаткан COVID-19 пандемиясына байланыштуу Бишкектиктерге жана жалпы кыргыз элине биримдик, кайрат күч, аманчылык каалап кетем. Бири-бирибизди колдоп, жакындарыбызга өзгөчө улуу муунга, ата-энелерибизге колдоо көрсөтүп, дисциплинаны, санитардык нормаларды так сактап бирдикте гана бул илдетти жеңебиз! Пандемияны жеңгенден кийин гана биз Бишкек шаарын мындан да коопсуз, көрктүү шаар кыла алабыз! Майрамың менен, менин сүйүктүү Бишкегим!”-деген Абиров өз куттуктоосунда.

Сүйүктүү Бишкек шаарыбыз, туулган күнүң менен!

Опубликовано Жаныбек Абиров Вторник, 28 апреля 2020 г.