Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов географияны мыкты билген селсаяк Кайратга документ алып берип кубандырды. Бул маалыматты депутат өзүнүн интернет баракчасынан бөлүшкөн.
«Көпчүлүк мага окшоштуруп жаткан Кайратка бүгүн паспорт алдык. Бул жаңы жашоого болгон алгачкы кадам. Буюрса, жакынкы күндөрү Кайраттын дагы башка ийгиликтерине күбө болосуздар»-дейт Сулайманов.