Домой Спорт Видео -Дүйнөлүк күрөш уюму Тыныбекованын атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады

Видео -Дүйнөлүк күрөш уюму Тыныбекованын атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады

130

 Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө кубогу мелдешинин финалында атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады. UWW чемпион кыздын видеосун Instagram баракчасына жарыялаган.

Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда 62 килограмм салмакта чемпион болду. Чечүүчү финалдык кармаштын биринчи эле бөлүгүндө кыргызстандык спортчу кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту.

https://www.instagram.com/reel/CI1KVHwlM27/?utm_source=ig_embed

Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да чемпион болгон.