Бишкекте киши автомат менен бир топ кишини коркутту. Окуянын видеотасмасы кечээ, 2-августта социалдык тармактарга тараган.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуя 1-августта болжол менен саат 11:00дө болгон.
«Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене боюнча катталды. Тийиштүү соттук соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Кийинчерээк толук маалымат беребиз»,-деп айтылат маалыматта.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!
https://www.instagram.com/p/CDZCZLfDR36/