Бүгүн, 11-июнда саат 12:00 де экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Бишкектеги “Кайнар” ресторанында эжесине куран окутуп, коронавируска байланыштуу киргизилген чектөө – 50 адамдын ордуна 300 адам чакырган. Ага жалаң депутаттар менен министрлер келишкен. Бабановдун жан сакчылары ал жерге келген Кактус сайтынын журналистине күч көрсөтүп, колун кайрып, кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоолдук жасашкан.