Домой Саясат ВИДЕО- Аткаминер элүүдөн ашканда жаш сулууга үйлөндү

ВИДЕО- Аткаминер элүүдөн ашканда жаш сулууга үйлөндү

309

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев элүү жаштын кырынан ашканда жаш сулууга үйлөнүп, эр жигит үчүн эч убакта баш кошуу кеч эмес экенин далилдей алды. Куш бооңуз бек болсун! Бак даарып, Кыдыр колдосун, Алымжан мырза! “Эр ортону элүү жаш” деп бекер айтылбаптыр көрсө… 

https://youtu.be/wWrTxebsFKs

Эске салсак, буга чейин Алымжан Козубаевге арызчылдардын айынан кылмыш иши козголгону белгилүү эле. Бирок бул көрүнүш жасалма таризде болгону, далилдөө жагы кыйын экени алдыртан болжонуп атат. “Унаа” ишканасына тартип орнотуп, коррупцияга каршы күрөшүп аткан жетекчиге куугунтук жасалганы кандай? Кайсы логикага сыят? Иш жүзүндө каарманыбыз мындай кысымдарга башты жерге сала турган жигиттерден эмес, керек болсо кызматын тапшырып, алдыдагы парламенттик шайлоого аттанып кетсе да жарашат. “Ат айланып казыгын табат” дегендей, полковник Алымжан Козубаев кайрылып келип, ИИМди жетектеп, “ириген” системаны реформа кылбаса болбой калды го…

Булак: Арыба.кж