Домой Дүйнөдө ВИДЕО: «Апа сени таштабайм!»дүйнө элинин жүрөгүн элжиреткен сүрөт

ВИДЕО: «Апа сени таштабайм!»дүйнө элинин жүрөгүн элжиреткен сүрөт

1668
Бул эки коала эне менен баланын ортосундагы сүйүүнү үнсүз жеткирип турат.

Декабрь ортолоп калганда Австралияда унаа эки коаланы сүздүрүп кеткен. Бактыга жараша Лиззи жана анын алты айлык баласы Фантома аман калган. Бирок Лиззи дем алуу органдарынан жаракат алгандыктан адамдар жардамга келишкен. Ошол учурда коаланын алты айлык баласы апасын коё бербей кучактап жанынан кетпей болгон күчү менен апасына жармашкан. Кичинекей коаланын аракетин көргөн ак халатчандар Фантоманы апасынан жанына калтырган.

Лиззиге опперация жасалып жаткан учурда ак халатчандар кучакташкан эне баланы сүрөткө тартып алган. Бул сүрөт интернет желеси аркылуу дүйнө жүзүнө заматта таркап, журналисттер бул кадрды «Апа мен сени таштабайм»-деп аташкан. Бул сүрөт We love animals жаныбарлар порталына жарыяланган.

Булак: Багыт