“Мына, гендиректор болуп келгенине 1 жыл болуп калды, КТРда эч кандай реформа жок. Эч кандай. Кана реформа десек эле “акча жок” дейт. Акча бүгүн эле жок эмес, КТРде өмүр бою акча жок деп келе жатабыз. Акча жок болсо аны табуунун жолдорун ойлош керек да, жакшы менеджмент болуш керек. Гендиректор деген өзгөртүүлөрдү киргизип, оптимизация жасап, КТРКнын составында 5 телеканал, 1 радио бар, бюджетте акча жок экенин билет, анан иштеп акча табыш керек да. Коллективден ынтымак кетти. Баягыдай ынтымак жок. Жетекчиге ким биринчи кирсе ошол айтып чыга берет, анан ушундай майда-чүйдө менен эле алекпиз. Байкоочу кеңешти Жайнак Үсөн уулу такыр тоотпой калды”, – деди белгилүү диктор Анаш Кадырова.
Булак: KyrgyzToday.kg