Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду. Буга байланышкан жарлыкты президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде чыгарды. Жарлыкта аталган вице-премьер менен министр Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык бошотулганы белгиленген.
31-мартта өткөн Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылган.
Премьер-министр бошогон кызмат орундарына жаңы талапкерлерди Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда көрсөтөрү айтылууда.
31-марттагы маалымат боюнча Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 19 киши болду. 18-марттан баштап өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап айрым аймактарга өзгөчө абал жарыяланган.