Домой Коом Вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева митингге чыккан «Каравандын» соодагерлерине жолукту (видео)

Вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева митингге чыккан «Каравандын» соодагерлерине жолукту (видео)

44

Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан “Караван” соода борборунун соодагерлерине вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева чыгып жолукту.

Митингге чыккандар “Караван” соода борборун онлайн-аукционго коюуга каршы. Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода үйүн онлайн-аукционго койсо, анда иштегендер бутиктеринен ажырап калат. Сурабалдиева соодагерлердин арыз-муңун угуп, башка кесиптештери менен бул маселени талкуулап бир жуманын аралыгында карап чыгууну убадалады.

Андан соң чогулгандар койгон талаптарын жазуу түрүндө да берүү үчүн кол чогулта баштады.