Домой Коом «Ветка» айыл-чарба кооперативинин мүчөлөрү кайрылуу жасашты

«Ветка» айыл-чарба кооперативинин мүчөлөрү кайрылуу жасашты

29

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго

Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековго

Кайрылуу!

Урматтуу бийлик башчылары!

Биз «Ветка» айыл-чарба кооперативинин мүчөлөрү сиздерден акыйкаттык жана чындык издеп кайрылуудаабыз. Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калбай калды. Жалгыз үмүт сиздерде.

«2014-жылы Сейит Мустаков Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан «Ветка» айыл-чарба кооперативинин жетекчиси болуп шайланган. 2017-жылдагы маалымат боюнча, кооперативде 2 миңден ашуун уй, 300гө жакын жылкы бар болчу. Бүгүнкү күндө 20дай уй жана 30дан ашуун гана жылкы калды. Мустаков кооперативдин мүчөлөрүнүн эч кандай уруксаты жок жер, айыл-чарба техникасын жанастанокторду сатты. Ошондой эле, узундугу 3 чакырымдай сүү түтүгү сатылды. Анын кесепетиненмиңдеген гектар жер сугарылбай, азык-түлүк коопсуздугу жаралышы толук мүмкүн. Биз бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, Чүй облустук ичкииштер башкы башкармалыгы Мустаковдун үстүнөн 4 кылмыш ишин козгогон. Бирок милиция кызматкерлерибелгисиз себептерден улам тергөө амалдарын атайынсозуп жатышат. Чүй облустук прокуратурасы дагыбизге тоскоол болууда.

«Мустаков өз билемдикке салып, кооперативдин уставын бузуп, өзүнүн ыйгарым укуктарын узартып алган. Анын иштөө мөөнөтү 2019-жылы эле бүткөн. Устав боюнча шайлоо өтүшү керек эле, уставда жакта ыйгарым укукту узартуу деген түшүнүк жок. Ошондуктан Мустаков жетекчилик кызматтамыйзамсыз олтурат. Бул боюнча Аламүдүн райондуксоту биздин пайдабызга чечим чыгарган. Бирок облустук сот менен Жогорку сот Мустаков тараптаболду. Сот отурумдарында биздин жактоочуларга сөз бербей, кагышты.

Мустаков жогорудагы кылмыш иштерин жаптыруу үчүн кооперативди атайын банкрот кылып жатат. Эгер убактыңыздар болсо, «Ветка» кооперативинин бүгүнкү абалын көрүп кетүүгө чакырабыз. Бүгүнкү күндө кооперативдин өндүрүшү талкаланып, киреше түшпөй, мышык ыйлаар абалга кептелди. Болбосо Мустаков келгенче «Ветка» кооперативи Мал чарбасы жакшыөнүккөн, алдыңкы кооперативдердин бири эле. Бирок Мустаков келгени иш туура эмес жүрүп, тескери жолменен кетип калды. Ал кызматка олтургандан кийинбаарын сатып баштады. Пайщиктер көп жылдан бери дивиденд албай, кооператив карызга батты.

Эске салсак, Мустаков келери менен 20 миллион сом насыя алган, бирок ал акчага эч нерсе жасалган жок. Кумга сиңип кетти. 4 жылдан бери чогулуш өткөрбөйт, отчет бербейт, улууларды укпайт. Буга чейинкооперативдин эмгек сиңирген кызматкерлерине сыйакы берилчү. Аны да өзүм билемдикке салып, жоюпкойду. Мустаков чогулуш уюштуруп, шайлоо өткөрүп,талапкер чыкпагандыктан өзүнүн ыйгарым укуктарынузартып алган. Бирок ал чогулуштун протоколунбурмалап, чогулушка катышкан, добуш бергенадамдардын санын өзгөртүп койгон. Ушугабайланыштуу сотко кайрылганбыз. Андан тышкары, Мустаков кызматка олтургандан кийин дароо уставдыөзгөрткөн. Жетекчини шайлоо жабык өтүп келгенболсо, добуш берүүнү ачык кылып койгон. Башкармалыктын макулдугу менен 20 млн сомгочейинки мүлктү сатууга укук алган. Ал эми жерлердисубарендага берип койгон. Устав боюнча жерлерсубарендага берилбеши керек!

Урматтуу президент, УКМК төрагасы, Башкы прокурор мүмкүн болсо карапайым элдин үнүн угуп, бизди кабыл алыңыздар. Биздин колдо тиешелүү документтердин баары бар.

Биздин кайрылууну кабыл алып, тиешелүү чечим чыгырат деп ишенебиз. Акыркы үмүт сиздерде!

Терең үмүт менен ишеним артып, «Ветка» айыл-чарба кооперативинин мүчөлөрү